Президент Эрдоган менен Сербиянын президенти Александр Вучич телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө эки лидер Түркия - Сербия карым - катнаштарын бардык тармактарда өнүктүрүү боюнча чечкиндүүлүктөрүн билдиришти.
Президент Р. Т. Эрдоган Сербиянын президенти Александр Вучич менен телефондо сүйлөштү.
Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда президент Эрдогандын Сербиянын президенти Вучич менен кечээ кечинде өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым - катнаштар каралып, аймакта тынчтык жана бейкуттуктун үзгүлтүккө учурабашынын маанисине токтолушту.
Сүйлөшүүдө эки лидер Түркия - Сербия карым - катнаштарын бардык тармактарда өнүктүрүү боюнча чечкиндүүлүктөрүн билдиришти.
2019 - жыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштардын курулушунун 140 жылдыгы экендигин белгилеген президент Эрдоган менен серб кесиптеши Вучич Түркия жана Сербиянын ортосунда түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги кызматташуу кеңеши механизминин маанисин баса белгилешти.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.