Нигерияда Түркиядан жиберилген жардамдар менен жаңы билим берүү жылы башталды

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда 200 миллионго жакын калк жашаган өлкөдө 10, 5 миллион бала билим алуудан артта калган.

1070258
Нигерияда Түркиядан жиберилген жардамдар менен жаңы билим берүү жылы башталды

 Батыш Африка өлкөсү Нигеряда иш алып барган «Дарул Енвар» эл аралык түрк мектеби Түркиядан жиберилген жардамдар менен жаңы билим берүү жылын баштады.

«Адамдер» коому жана Абужа – Стамбул достук коомунун өкүлдөрүнөн Фатих Эмин Данышан мектептин эки жылдан бери иш алып баргандыгын белгилеп : «Бул жылы окуучу санын жаңы бир класс ачуу менен 280ге жеткирдик. Мектептин керектөөсү, мугалимдердин айлык маяналары, окуучулардын калем, дептер жана башка бардык муктаждыктары Түркиядан келген жардамдар менен камсыздалууда. Бүгүн да Түркиядан келген тапочкаларды, китеп, дептер калем жана өчүргүчтөрдү окуучуларга таркаттык»,- деди.

Нигерияда окуучулардын көпчүлүк бөлүгү материалдык мүмкүнчүлүктүн жоктугу жана кагылышуу сыяктуу себептер менен мектепке бара албай жатышат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда 200 миллионго жакын калк жашаган өлкөдө 10, 5 миллион бала билим алуудан артта калган.



Тектеш кабарлар