Стамбулда эң көп турист келген жер Топкапы сарайы
Топкапы сарайына 8 айда 2 миллион 223 миң 928 турист келди.
![Стамбулда эң көп турист келген жер Топкапы сарайы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4ae2/a03e/c998/592e9e3c6045f.jpg?time=1718477865)
Стамбулда жылдын 8 айында эң көп көрүлгөн жер 2 миллион 223 миң 928 турист саны менен Топкапы сарайы болду.
Топкапы сарайы 1460 – 1478 – жылдардын арасында Осмон падышасы Фатих Султан Мехмет тарабынан курдуртулган.
Башка бир падыша Абдүлмежит Долмабахче сарайын курдуртканга чейин Топкапы сарайы 380 жыл мамлекеттин башкаруу борбору жана Осмон падышаларынын расмий жашоо жери болду.
Жергиликтүү жана чет элдик 2 миллион 223 миң 928 турист келген Топкапы сарайынан кийин 1 миллион 960 миң 803 зыяратчы менен Аясофия музейи жана 997 миң 826 зыяратчы менен Йеребатан цистернасы келди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718477865)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
![Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b784/abba/cbc3/666d48ce9841e.jpg?time=1718477865)
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.