Баш калкалоочу жана качкындар үчүн түрк тилин үйрөтүү
Түркчөдө алгачкы жетишкендиктер үчүн кайрылуу жол көрсөткүчүнө түрк жана чет элдик илимпоздор салымын кошту.
![Баш калкалоочу жана качкындар үчүн түрк тилин үйрөтүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ea10/c999/f7c6/5bc486e5bc562.jpg?time=1718792434)
Түрк тилин жайылтуу үчүн курулган Юнус Эмре институту «Түркчөдө алгачкы жетишкендиктер үчүн кайрылуу жол көрсөткүч» даярдады. Максат качкын жана баш калкалоочуларга түрк тилин оңой үйрөтүү.
Бул мүмкүнчүлүктөн билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетише албаган качкын жана баш калкалоочулар пайдалана алат. Ушундайча качкын жана баш какалоочулар өздөрүн Түркияда дагы жакшы түшүндүрө алат, кесип ээси болуу үчүн барган курстарга дагы оңой катыша алышат.
Түркчөдө алгачкы жетишкендиктер үчүн кайрылуу жол көрсөткүчүнө түрк жана чет элдик илимпоздор салымын кошту.
Жол көрсөткүч түрк тилин үйрөтүүнү каалаган мугалимдерге берилет.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718792434)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.