Чавушоглу Кампучиянын тышкы иштер министрин ФЕТӨ темасында эскертти

Чавушоглу менен Сокхонн Министрликтин расмий имаратында маалымат жыйын өткөрдү.

1061606
Чавушоглу Кампучиянын тышкы иштер министрин ФЕТӨ темасында эскертти

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен Анкарага келген Кампучиянын тышкы иштер министри Прак Сокхоннду Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) темасында эскертти.

Чавушоглу конок министрден Кампучиядагы ФЕТӨ/ПДЙ иш-аракеттерин соңуна чыгарууну талап кылды.

Чавушоглу менен Сокхонн Министрликтин расмий имаратында маалымат жыйын өткөрдү.

Кампучиянын тышкы иштер минитстри Прак Сокхонн жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө ФЕТӨ/ПДЙнын иш-аракеттерин кылдат байкап жаткандарын айтты.

Сокхонн, террордун ар түрдүүсүнө каршы экендиктерине басым жасады.

Прак Сокхонн айрыкча Түркиянын 2013-жылы борбор шаар Пномпенде элчилик ачуусу менен карым-катнаштардын дагы да активдүү платформага ташылганына баа берди жана «Кампучия дагы алдыбыздагы жылда Түркияда Элчилик ачат»,-деди.

Кампучиянын премьер-министри Хун Сендин айдын аягында Түркияга расмий сапар менен келе турганынын маалыматын да бөлүшкөн Прак Сокхонн, сапардын эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүнө салым кошо турганына токтолду.

Сокхонн, экономикалык тармакта болсо Өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйналышынын экинчисинин эң кыска мөөнөттө ишке ашырылышы темасында Мевлүт Чавушоглу менен бирдей пикирде болгондорун айтты.

Министр Чавушоглу да жыйналыштагы сөзүндө, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүш үчүн мындан кийин кеңешүү жыйналыштарын дагы тартиптүү өткөрүү керектигин, Өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйналышынын үчүнчүсүнүн дагы алдыбыздагы мезгилде ишке ашырыла турганын айтты.

Чавушоглу айрыкча экономикалык кызматташтыгын дагы күчтөндүрө тургандарын белгилеп, Кампучия менен соода көлөмүнүн потенциялын чагылдырбагандарына көңүл бурду.

Жакынкы убакта эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчү каттамдарынын башталышына карай каалоосун дагы айткан Чавушоглу, эки тараптуу турист санынын арттырылышы үчүн да иштерди уланта тургандарына басым жасады.

Карым-катнаштардын укуктук базисин дагы күчтөндүрүү керектигин белгилеген Чавушоглу, Кампучиянын премьер-министринин Түркияга жасай турган сапарында кош салыктандыруунун алдын алуу келишими сыяктуу бир топ келишимге кол коюну пландагандарын айтты.

Чавушоглу, 2020-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлүүсүнүн 50-жылдыгы майрамдала турганынын маалыматын берди жана ушул себептен эки өлкөдө иш-чаралар уюштурула турганын түшүндүрдү.

Түркиянын Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү Биримдигинен (ASEAN) өткөн жылы сектордук өнөктөштүк статусун алганын белгилеген Чавушоглу, бир топ талапкердин ичинде бир гана Түркия сунуштаган иш-аракет планы жана жол картасы аркылуу бир добуштан мунун кабыл алынганын баса белгиледи.

Чавушоглу, өткөн жылы Манилада берилген бул статус убагында кесиптеши көрсөткөн колдоого ырахматын айтып: «Мындан кийинки процессте ошол эле ASEAN аймагы жана бүтүндөй Азия менен карым-катнаштарыбызды дагы өнүктүрөбүз жана Кампучия биз үчүн маанилүү өнөктөш»,-деп айтты.

Эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда меморандумга кол коюлганын айткан Чавушоглу, эки министрликтин ортосундагы байланыштарды дипломат алмашуу жана жаш дипломаттардын билим алуусу темалары менен кошо күчтөндүрө тургандарына басым жасады.



Тектеш кабарлар