Эрдоган Германия сапарына баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Твиттер барагынан 27-28-сентябрь күндөрүндө Германияга жасаган сапары тууралуу маалымат бөлүштү.

1059785
Эрдоган Германия сапарына баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Германияга ишке ашырган мамлекеттик сапардын бардык жагынан байыркы түрк-немис достугун дагы  чыңдай турганына ишенүүдөмүн»,деген серебин салды.

Эрдоган, Твиттер барагынан 27-28-сентябрь күндөрүндө Германияга жасаган сапары тууралуу маалымат бөлүштү.

Германия менен карым-катнаштардын кайрадан жанданган мезгилден өтүп жатканда, Берлинге болгон мамлекеттик сапары менен бир топ тармакта диалогду чыңдоо мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгилеген Эрдоган: «Сапарыбызда көптөн бери иштебей турган кызматташтык механизмдерин кайрадан күчүнө киргизүү темасында урматтуу канцлер Ангела Меркель менен бирдей пикирге жетиштик. Германия менен жакынкы өтмүштө болгон опурталуу мезгилди эми артка калтыруудабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, 15-июль мыкаачылык төңкөрүш аракетинен кийин Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана уландылары менен күрөшүү үчүн конституциялык механизм болгон Өзгөчө кырдаал ишке ашыруусунун 24-июнь шайлоолору менен жоюлганын эске салып, Президенттик Өкмөт системасына өтүлүп өлкөнүн кайрадан реформа жана илгерилөө жолуна түшкөнүн белгиледи.

Илгерилетүү боюнча чечкиндүү болгон Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин алкагында реформалардын улантыла турганын, Түрк атуулдарына визасыз тартип темасында калган 6 критерийдин эң кыска убакта орундатыла турганын маалымдаган Эрдоган: «Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси белгилүү чөйрөлөрдүн назданууларына жана саясий тоскоолдуктарына дуушар болбошу керек. Германиянын бул темада Түркияга көрсөтө турган колдоосуна маани беребиз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Сапарыбызда карап чыккан башка бир тема да Сириядагы согуштун соңуна чыгарылышы жагдайында Германия менен бирдей көз карашка ээ экенибизди көрдүк. Германиянын Сирия маселесинин гуманитардык жагына атайын көңүл буруусу Түркияны ыраазы кылат»,-деп жазды.

Германия менен экономика жана соода тармактарындагы карым-катнаштардын канчалык күчтүү болгону эки өлкөнүн арасындагы тышкы соода көрсөткүчтөрүнөн да түшүнүктүү болгонуна көңүл бурган Эрдоган, Түркиянын бул карым-катнаштарды дагы күчтүү кылууну каалаганын белгилеп өттү.

Немис инвесторлордун 2003-жылдан бери Түркияга 9 миллиард доллардан ашуун түздөн-түз инвестиция салуусунун эки тараптуу соода көлөмүндө акыркы 7 айда 13 пайыздан ашык өсүү ишке ашышынын дагы соода карым-катнаштарыбыздын потенциялын көз алдыга жайганын билдирген президент Эрдоган: «Немис досторубуздан Түркияга, түрк экономикасына, өлкөбүздүн келечегине ишенүүсүн улантууларын каалайбыз»,деген сөдөргө орун берди.



Тектеш кабарлар