Эрдоган: «Исламда террорго орун жок»

Германияда жолугушууларды өткөргөн президент Эрдогандын акыркы аялдамасы Кельн шаары болду.

1059538
Эрдоган: «Исламда террорго орун жок»
erdogan almanya cami1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террордук уюмдардын арасында айырмалоо кылбастан каршылык көрсөтүп: «Бизди каратып туруп Берлиндеги базар жеринде жарандарга кыргын салган ДЕАШтын мыкаачылары ким болсо, 2 ай мурда 11 айлык Бедирхан бөбөктү энеси менен кошо шейит кылган ПККнын кылмышкерлери дагы ошондой»,-деди.

Германияда жолугушууларды өткөргөн президент Эрдогандын акыркы аялдамасы Кельн шаары болду. Бул жерде Германиянын эң чоң мечити Дин иштери башкармалыгынын Түрк-Ислам биримдиги борбордук мечитинин ачылышын жасаган Эрдоган, өз сөзүндө Исламдын тынчтык дини экендигин айтып: «Исламда террорго орун жок»,-деди.

«Христиан террору», «Иуда террору», «Будда террору» сыяктуу сыпаттар кандай жаңылыш болсо «Ислам террору» термини да жаңылыш жана ката болгонуна көңүл бурган Эрдоган, террордук уюмдардын ортосунда айырма жасалышына да каршылык көрсөттү.

«Бардык тараптарды террорго каршы туура мамиле кылууга, кылмышкерлерди бири-биринен айырмалабастан күрөшүүгө чакырабыз»,-деп айткан Президент, сот темасындагы кош стандарт ишке ашырууларын да сынга алды.



Тектеш кабарлар