Президент Эрдоган Гутерреш менен жолугушту
БУУнун башкы ассамблеясынын 73 - жыйынына катышуу үчүн Нью – Йоркко барган Эрдоган БУУнун башкы катчысы Гутерреш менен жолугушту.
![Президент Эрдоган Гутерреш менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6113/57f2/e513/5ba9d0e76edbc.jpg?time=1718802287)
БУУнун башкы ассамблеясынын 73 - жыйынына катышуу үчүн Нью – Йоркко барган Эрдоган БУУнун башкы катчысы Гутерреш менен жолугушту.
Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен БУУнун ортосундагы жакын кызматташтыкты дагы да күчтөндүрүү чечкиндүүлүгү тастыкталды. Бул жолугушууда кээ бир чаралар глобалдык жана аймактык маселелердин да күн тартибине келгендиги билдирилди.
БУУнун башкы катчысынын пресс – катчылыгынан да президент Эрдоган жана Гутеррештин БУУнун башкы штабындагы жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.
Маалыматта : «Башкы катчы Түркиянын 3, 5 миллиондон ашуун качкынды багышы жана БУУ менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктыкты мактоого алды. Башкы катчы менен президент Эрдоган Сириядагы абалды сүйлөшүштү. Башкы катчы Идлибде куралдардан тазаланган аймак түзүү үчүн Сочиде 17 -сентябрда кол коюлган келишимди ыраазычылык менен кабыл алды»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718802288)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.