Эрдоган Малкольм Икстин кыздарына «Дүйнө жүзү бештен чоң» темалуу фотосүрөтүн белек кылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малкольм Икстин кыздары Кубила жана Ильясаны кабыл алды.

1055781
Эрдоган Малкольм Икстин кыздарына «Дүйнө жүзү бештен чоң» темалуу фотосүрөтүн белек кылды

АКШнын Нью-Йорк шаарына барган президент Режеп Таййип Эрдоган, Малкольм Икстин кыздары Кубила жана Ильясаны кабыл алды.

Жолугушууга Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган менен катар кызы Эсра Эрдоган жана анын жолдошу, казына жана каржы министри Берат Албайрак да катышты.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган президент Эрдоган, жолугушуудан кийин «Дүйнө жүзү бештен чоң» темалуу фотосүрөтүнө кол коюп Кубила жана Ильясага белек кылды.

1940-жылдарда түшкөн абакта «Ислам улуту» аттуу коомчулук менен таанышкан жана мусулмандыкты тандаган Малкольм литл атын Малкльм Икс деп өзгөрттү.

Малкольм Икс каралардын укуктарына көңүл бурду жана Америка коомчулугуна чыныгы исламды таанытууга аракет кылды.

АКШда күчөгөн жикчилдикке каршы таасирдүү күрөшүүсү менен бүткүл дүйнөдө кеңири эл массаларынын урмат-сыйына ээ болгон Малкольм Икс, 1965-жылы 21-февралда Нью-Йоркто сөз сүйлөп жатканда куралчан 3 кылмышкердин кол салуусуна дуушар болуп каза болгон.



Тектеш кабарлар