Эрдоган АКШга барат
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-жыйындарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына барат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 73-жыйындарына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барат.
Эрдоган 23-26-сентябрь күндөрүнүн аралыгында АКШда болот.
Эрдоган, Нью-Йоркто боло турган Башкы ассамблеянын алдында 24-сентябрь дүйшөмбү күнү «Глобалдык качкындар макулдашуусу боюнча жогорку кеңешме» иш-чарасына катышат. Бул жерде Түркиянын сириялык баш калкалоочулар үчүн кылган иштерин түшүндүрүп, дүйнө жүзүнө «Түркияны колдогула» деген чакырык салат.
Эрдоган, Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен да жолугат.
Эрдоган баш катчыга жана жолуга турган берки лидерлерге 17-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында кол коюлган Идлиб меморандумун түшүндүрөт.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да орус жана ирандык кесиптеши менен жолугат.
Түркия, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга камсыздаган курал жардамынан тынчсызданууда.
Президент Эрдоган, каршы чыгуусун жолуккан лидерлерге да түшүндүрөт.
Эрдоган, Нью-Йоркто АКШлык инвестиция жана ишкерлер чөйрөлөрү менен да жолугуп «Түркияга инвестиция салгыла» деген чакырык салат. 26-сентябрь шаршемби күнү Нью-Йорктон Германиянын борбор калаасы Берлинге өтөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.