Улуттук аскердик  учагынын алгачкы прототип учушу 2023 -  жылга пландалууда

Коргонуу өнөр жайынын төрага орун басары Желал Сами Түфекчи акыркы жылдарда коргонуу өнө жай тармагында Түркияда болгон абалдарга көңүлдөрдү бурду.

1051107
Улуттук аскердик  учагынын алгачкы прототип учушу 2023 -  жылга пландалууда

Коргонуу өнөр жайынын төрага орун басары Желал Сами Түфекчи Ондокуз Майыс университетинин авиация жана космостук технологияларды изилдөө жана ишке ашыруу борборуна барды. Түфекчи акыркы жылдарда коргонуу өнө жай тармагында Түркияда болгон абалдарга көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын акыркы 15 жылдан бери коргонуу өнөр жайында басып өткөн жолу тууралуу атынан сөз кылдырган өлкө болгондугун белгилеген Түфекчи көргонуу өнөр жайында улуттук проектилердин улантылып жаткандыгын айтты.

Бул проектилердин бирөөсүнүн да Улуттук аскердик учак проекти экендигин айткан Түфекчи коргонуу өнөр жайы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн проект менен түрк аба күчтөрү командирлигинин инвентарындагы жана 2030 – жылдардан баштап  баскыч түрүндө чыгартылышы ойлонулган Ф  - 16 учактарынын ордун ала  турган өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөр менен долбоорлонгон заманбап учактардын чыгарылышы максат кылынгандыгын айтты. Түфекчи улуттук аскердик учактын алгачкы прототип учушун 2023 -  жылы аткарууну максат кылышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар