Үчтүк саммиттен кийин пресс - жыйын өткөрүлдү

Тегеранда  болгон үчтүк Сирия саммитинен кийин үч лидер биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

1045433
Үчтүк саммиттен кийин пресс  - жыйын өткөрүлдү

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб аймагында жарандарды коргоо жана азыркы статустарынын сакталышы турмуштук мааниге ээ экендигин айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган Ирандын президенти Хасан Рухани жана Орусиянын президенти В. Путиндин Ирандын борбор шаары Тегеранда  ишке ашырган үчтүк Сирия саммитинен кийин үч лидер биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Эрдоган бул саммиттердин Сирияда келген жердин эсебин чыгаруу жана кийинки күндөргө карата абалдардын такталышы жактан да маанилүү мүмкүнчүлүк экендигин белглеп : «Бүгүн бул жерде болуубуздун себеби болуп жаткан адамзаттык трагедияны акырына чыгаруунун жолдорун издөө. Биз башкалар сыяктуу чалкалап жатып өрттү карап туруунун ордуна аны өчүрүүнүн жолдорун издеп, бул үчүн аракет кылып жатабыз. Аймактагы жарандарды коргоо, террордук элементтердин жок кылынышы жана Идлибдин азыркы статусунун сакталышы турмуштук мааниге ээ»,- деди.

Түркиянын Идлибде 12 байкоочу жеринин бар экендигин белгилеген Эрдоган аянтта тынчтыктын орнотулушу үчүн Түркиянын абдан чоң жоопкерчиликти алгандыгын айтты.

Түркиянын башынан бери Сирияда кандын төгүлүшүн токтотуу үчүн күрөшкөндүгүн белгилеген Эрдоган : «Сириялык боордошторубузга бөлүүчүлүк кылбастан ээ чыгып жатабыз»,- деди.

Президент Эрдоган Идлибдин Сириянын кичинекей бир модели экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган : «Биз азыркы учурда ансыз да 3, 5 миллион кишини багып жатабыз. Идлибдин калкынын саны 3, 5 миллион. Дагы бир 3, 5 миллионго үй ээлик кылууга күчүбүз да мүмкүнчүлүгүбүз да жетпейт. Азыркы учурда таштай турган кадамыбыз бирдикте Идлибде болушу мүмкүн болгон көчкө тоскоол болуу. Бул үчүн да террор менен күрөшүүдө ийгиликтүү болушубуз керек»,- деди.

Ирандын президенти Хасан Рухани да : «Идлибде жарандардын зыян тартпашы үчүн чараларды көрүүбүз керек»,- деди.

Орусиянын президенти Путин болсо : «Президент Эрдогандын сунушу менен бардык тараптарга куралдарды таштоого чакыруу салдык»,- деди.



Тектеш кабарлар