Зариф - Эрдоган - Чавушоглу жолугушуусу

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

1040153
Зариф -  Эрдоган -  Чавушоглу жолугушуусу
zarif-cavusoglu.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зарифти кабыл алды. Борбор шаар Анкарада Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын башкы штабында басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу бир саатка жакын созулду.

Кабыл алууга тышкы иштер министри Мевлют Чавушлоглу да катышты. Ирандын тышкы иштер министри Зариф андан кийин Мевлют Чавушоглу менен өзүнчө сүйлөштү. Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен Сириядагы абалдар жана күнүбүздөгү эки тараптуу жана аймактык темаларды карап чыктык»,- деди.  



Тектеш кабарлар