Улуттук коргоо министри 30 - Август жеңиш майрамына карата куттуктоо жарыялады
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк армиясынын мекенин коргоону чечкиндүүлүк менен уланткандыгын айтты.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террорук уюмдар менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынганга чейин, өлкө ичинде жана чек аранын тышында үзгүлтүксүз улантыларын белгиледи.
Хулуси Акар 30 - Август жеңиш майрамы жана түрк куралдуу күчтөрү күнүнөн улам куттуктоо жарыялады. Акар куттуктоосунда 1071 – жылы 26 - августта Малазгирт майдан согушунда жетишкен жеңиш менен Анадолуну мекен кылган түрк улутунун дагы бир 26 - августта башталган жана 1922 – жылы 30 - августта жетишкен бул жеңиш менен Анадолунун түбөлүк түрк мекени катары каларын бүткүл дүйнөгө жарыялагандыгын баса белгиледи. Акар түрк армиясынын мекенин коргоону чечкиндүүлүк менен уланткандыгын айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.