АКШнын коргоо министри Жим Маттис Түркия менен бир топ темада жакындан иштешкендерин айтты

АКШнын башкы штабынын төрагасы Данфорд да Манбижде орток күзөттүн жакында башталышы үчүн даярдыктардын улантылып жаткандыгын айтты.

1039485
АКШнын коргоо министри Жим Маттис Түркия менен бир топ темада жакындан иштешкендерин айтты

АКШнын коргоо министри Жим Маттис Түркия менен Сириянын Манбиж аймагы да болгон бир топ темада жакындан иштешкендерин жана бул аймактагы орток күзөттөрдүн жакында башталарына ишенгендигин айтты.

Маттис Пентагондо башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Жосеф Данфорд менен биргелешкен пресс жыйын өткөрдү. Маттис Түркия тууралуу берилген бир суроого жооп берип, Анкара менен бир топ темада жакындан иштешкендерин белгилеп, буларды айтты : «Түркия менен бир топ темада бирге иштеп жатабыз. Түрк коргоо министри менен кечээ телефон аркылуу сүйлөштүм. Сүйлөшүү мыкты өттү. Манбиждеги абал да болгон алдыбыздагы маселелер тууралуу иштеп жатабыз. Машыктыруу топтору Анкарага жетти. Түрк тарабы менен бирге аткара турган күзөттөрдү мүмкүн абалга алып келе турган процесске жакындап келе жатабыз. Жакында бул күзөттөрдү бирдикте ишке ашырабыз. Мындай темаларда Түркия менен бирдикте иштөөнү улантабыз».

Ошол эле жыйында Маттис Түркиянын Орусиядан С  - 400 коргонуу ракета системаларын алышы тууралуу бул чечимдин Түркияга таандык экендигин жана бул ракета системаларынын алынышы өздөрүн тынчсызданткандыгын айтты.

АКШнын башкы штабынын төрагасы Данфорд да Манбижде орток күзөттүн жакында башталышы үчүн даярдыктардын улантылып жаткандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар