Эрдоган-Мэй сүйлөшүүсү

Эрдоган менен Мэй телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1038391
Эрдоган-Мэй сүйлөшүүсү

Казына жана каржы министри Берат Албайрак британиялык кесиптеши менен жакынкы арада жолугат.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу өткөргөн сүйлөшүүсүндө ушундай чечим чыгарылды.

Президенттиктен маалымдалгандай бүгүн өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, Британия менен болгон эки тараптуу карым-катнаштар, актуалдуу жана аймактык маселелер тууралуу пикир алмашылды.

Президент Эрдоган менен Британиянын премьер-министри Мэй, өз ара экономикалык жана соода алакалардын, эки тараптуу инвестициялардын дагы да өнүктүрүлүшүнүн маанисине көңүл бурушту.

Казына жана каржы министри Берат Албайрак менен британиялык кесиптешинин жакынкы арада жолугуусуна чечим чыгарылган сүйлөшүүдө, Идлиб аймактагы менен катар Сириядагы акыркы абал да каралды.



Тектеш кабарлар