Түркиянын эң чоң кепили өз эли

Бинали Йылдырым Курман Айтка карата билдирүүсүн жарыялады.

1035517
Түркиянын эң чоң кепили өз эли

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Курман Айт майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Йылдырым билдирүүсүндө Түркияга багытталган экономикалык согушту эске салып: «Өлкөбөзгө карай ар түрдүү кирдүү оюн, кечээ болгондой эле эртең да бузулат»,-деди.

Бинали Йылдырым ошондой эле, ар түрдүү империалисттик коркунучтарга улуттук тилектештик рухунун негизинде бөгөт коюла турганын, көз карандысыздыкты жок кылууну каалагандар максатына жете албай тургандарын баса белгилеп: «Эң чоң кепилибиз, оор мезгилдерде чоң жоопкерчиликтерди алып өлкөсүнө колдоо көрсөткөн улуу элибиз»,-деди.

Йылдырым билдирүүсүндө айрыкча: «Президенттик башкаруу системасынын негизинде жетишилген ийгиликтер, келечектеги максаттарыбызга бизди дагы да жакындатат»,-деп айтты.

Бинали Йылдырым, Түркия Улуттук Улуу Жыйыны демократиянын күчтөндүрүлүнө карата иштерин таасирдүү жана чечкиндүү түрдө уланта турганын да белгиледи.



Тектеш кабарлар