АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түркия тууралуу жарыясы

Хизер Науэрт, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШлык кесиптеши Майк Помпеонун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн маанилүү белги болгонун билдирди.

1028496
АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түркия тууралуу жарыясы

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШлык кесиптеши Майк Помпеонун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн маанилүү белги болгонун билдирди.

Науэрт, Измирде Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекекттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) жана жикчил террор уюму ПККнын атынан кылмыш кылганы жана тыңчылык кылганы айыбы менен үй камагында кармалган АКШлык кечил Эндрю Брансон тууралуу маалымат берди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун ортосундагы сүйлөшүүгө шилтеме кылган Науэрт: «Телефондо сүйлөшүү өткөрүшү маанилүү белги. Сүйлөшүү өткөрүүлөрү эч качан зыян тийгизбейт, биз ушул себептен диалогдун маанисине ишенебиз»,-деп айтты.

Хизер Науэрт, Түркия жана АКШлык делегациялардын ортосунда Вашингтондо болушу күтүлгөн жолугушуу туурасында маалымат берген жок.

Террор уюмудары Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана ПККнын атынан 2016-жылдын 9-декабрында кылмыш кылганы айыбы менен кармалган АКШлык кечил Брансон туурасындагы айыптоо тыянагында, динди жамынып алып аты аталган террор уюмдарынын атынан кылмыш кылганы жана жалпы стратегияларынын алкагында кыймыл кылуу биримдигинин ичинде болгону, уюмдардын максаттарын билип туруп жана атайылап кызматташканы белгиленген.

Брансондун америкалык бир аскерге жөнөткөн 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төкөрүш аракетинин ийгиликсиз болушуна капа болгону тууралуу билдирүү мазмунуна орун берилген айыптоо тыянагында, чөнтөк телефондогу «Түрктөрдү бушайман кыла турган кээ бир окуяларды күтүп жаттык эле. Исага кайтуу үчүн керектүү шарттар түзүлдү. Төңкөрүш аракети бир сокку болчу. Бир топ түрк өтмүштө болгону сыяктуу аскерлерге ишенди, бирок бул ирет абдан кеч эле. Жана төңкөрүш аракетинен кийин бул башка чайпалтуу. Менин оюмча окуялар жаман багытка кетет. Акырында биз жеңебиз»,деген билдирүүсү да делого тиркелген.

АКШлык кечил Брансондун Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана ПККнын атынан кылмыш кылганы тыянагы менен 2016-жылдын 9-декабрында камакка алынышы, андан кийин өткөн айда саламаттык абалынын себебинен үй камагына алынышы, АКШ тарабына каршы чыгууну жараткан.

ФЕТӨнүн 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин корбашчысын көп жылдар бою өз жерлеринде жашаткан АКШнын,  «динди жамынган террор уюмунун атынан кылмыш кылганы жана жалпы стратегияларынын алкагында бирге кыймыл кылганы, уюмдардын максаттарын билип туруп жана өзү каалап алар менен кызматташтык кылганы» боюнча айыптоо тыянагы чыккан Брансондун эркин кое берилишин талап кылышын болсо Түркия кабыл албайт.



Тектеш кабарлар