Түрк аскерлери Манбижде 22-ирет күзөт иштерин жүргүздү

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда Түркиянын жана Американын аскерлери координациялуу, бирок көз карандысыз күзөт иштерин жүргүздү.

1022605
Түрк аскерлери Манбижде 22-ирет күзөт иштерин жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Манбиж аймагында  22-ирет күзөт иштерин ишке ашырды.  

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда Түркиянын жана Американын аскерлери, «Евфрат калканы» кыймылы аймагы менен Манбиждин ортосундагы аймакта күзөткө чыкты. Эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрү 22-ирет координациялуу, бирок көз карандысыз күзөт иштерин жүргүздү.

Алгачкы күзөт иштери 18-июнда ишке ашкан.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 4- июндагы жолугушуусунда райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздашыын камтыган жол картасын бекиткен.

Бул план, Түркиянын жана АКШнын аскердик жана чалгындоо элементтери менен райондо биргелешип текшеүүнү баштоосун да камтыйт.



Тектеш кабарлар