Түрк аскерлери Манбижде 21-ирет күзөт иштерин жүргүздү

Алгачкы күзөт иштери 18-июнда ишке ашкан.

1021632
Түрк аскерлери Манбижде 21-ирет күзөт иштерин жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Манбиж аймагында  21-ирет күзөт иштерин ишке ашырды.  

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда Түрк жана Американын аскерлери, «Евфрат калканы» кыймылы аймагы менен Манбиждин ортосундагы аймакта күзөткө чыкты. Эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрү 21-ирет координациялуу, бирок көз карандысыз күзөт иштерин жүргүздү.

Алгачкы күзөт иштери 18-июнда ишке ашкан.

Түркия менен АКШ июн айында террор уюму ЙПГ/ПККнын Евфрат дарыясынын батыш жагында басып алган Манбижден чыгып кетиши темасында келишим түзгөн.

Бул план, Түркиянын жана АКШнын аскердик жана чалгындоо элементтери менен райондо биргелешип текшеүүнү баштоосун да камтыйт.



Тектеш кабарлар