АКШ бийлиги мындан ары түрк калкынын ишенимине кантип ээ боло турганынын жолдорун издеши керек

Бинали Йылдырым, Измирде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1020974
АКШ бийлиги мындан ары түрк калкынын ишенимине кантип ээ боло турганынын жолдорун издеши керек

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, АКШ бийлигинин мындан ары түрк калкынын ишенимине кантип ээ боло турганынын жолдорун издеши керектигин айтты.

Бинали Йылдырым, Измирде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Йылдырым, Фетуллахчы террор уюму жана ПККнын атынан кылмыш кылган, тыңчылык кылганы боюнча кармалган Эндрю Брансонго үй камагы берилишинен кийин АКШнын «санкция киргизүү» тууралуу коркутууларына каршылык көрсөттү.

«Бизди коркутуу менен моюн сундура албайт»,-деп айткан Йылдырым: «АКШ укук мамлекети болсо биз да укук мамлекетибиз. АКШ бул коркутуу тилин ташташы керек. Мындан ары түрк калкынын ишенимине кантип ээ боло турганынын жолдорун издөөсү керек»,-деди.

 



Тектеш кабарлар