Түркия Сирияда болгон кол салууну айыптады

Сүвейде облустук борборунда ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 150гө жакын киши каза болгон.

1020240
Түркия Сирияда болгон кол салууну айыптады

 Түркия террордук уюм ДЕАШтын Сириянын Сүвейда аймагында жасаган жана көп сандаган киши каза болгон террордук кол салуусун катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «ДЕАШ менен күрөшүүдө эл аралык коалициянын бир мүчөсү болгон Түркия ДЕАШ жана ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ террордук уюмдары менен күрөшүүдө»,- деп билдирилди.

Түркиянын Сириядагы террордук уюмдар менен күрөшүү чечкиндүүлүгүн «Ефрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары менен далилдегендиги баса белгиленип : «Сириядагы террор тамырынын жок кылынышы террордук уюмдарды жараткан шарттардын ортодон жок кылынышы менен мүмкүн болот. Буга мүмкүнчүлүк түзө турган сүйлөшүлгөн, ишенүүгө боло турган жана туруктуу саясий чечүүчү жол»,- деп билдирилди.

Сириянын түштүк чыгышында Башар Асад режиминин кол астындагы Сүвейде облустук борборунда ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 150гө жакын киши каза болгон.

Режимдин маалымат агенттиги САНАнын кабарында жан кечтилик кол салууда ДЕАШ мүчөсү 3 террористтен бирөөсүнүн денесиндеги  бомбаны жардыргандан мурда таасирсиз абалга алып келингендигин ортого салынды.



Тектеш кабарлар