Түркия Африкадагы элчиликтеринин санын көбөйтөт

Министр Чавушоглу Түштүк Африкадагы элчиликтин жаңы имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1020187
Түркия Африкадагы элчиликтеринин санын көбөйтөт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Африкадагы элчиликтердин санын 50гө жеткирүүнү максаттагандарын айтты.

Министр Чавушоглу Түштүк Африка Республикасынын борбор шаары Преториядагы элчиликтин жаңы канцелярия имаратынын ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө: «Соода-сатыгыбызды жана эл аралык платформаларда жана уюмдарда кызматыбызды так орундатуу үчүн дүйнөнүн бардык жеринде бар болушубуз керек. Учурда дүйнөнүн баардык материгинде 241 миссиябыз бар. Африкада болсо 41 элчилигибиз бар. Максатыбыз муну 50гө жеткирүү»,-деди.

Чавушоглу: «Президентибиз чет өлкөгө сапарынын ар биринде же болбосо мамлекет башчыларды кабыл алуусунда эң биринчи «Элчилигибиз же резиденциябыз барбы» деп сурайт. Урматтуу президентибиздин ар кайсы өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуусунан кийин көптөгөн өлкөдө элчилигибиз өз мүлкүбүз болду. Урматтуу президентибизге Министрлигибиз жана жеке өзүмдүн атына ыраазычылык билдиремин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар