Тышкы иштер министри Түндүк Кипр Түрк Республикасында

Мевлют Чавушогу Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларын Президент Мустафа Акынжы менен өткөрө турган орток пресс – жыйын менен аяктайт.

1018335
Тышкы иштер министри Түндүк Кипр Түрк Республикасында

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасында расмий жолугушууларды өткөрүүдө. Чавушоглу сапарынын экинчи күнүндө Республика парламентинде өкүлү болгон саясий партиялардын лидерлери менен жолугушту.

Мевлют чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен өткөргөн пресс  - жыйында Түркиянын Грециядагы өрттүн өчүрүлүшүнө байланыштуу бардык жардамды берүүгө даяр экендигин белгиледи. 

Жыйында Грецияда чыккан өрттөн улам санаасын билдирген Чавушоглу : "Грек калкына жана Греция өкмөтүнө да көңүл айтуумду  кайталаймын. Бүгүн эрте менен Грециянын тышкы иштер министри Никос Косиаска телефон чалып көңүл айтып, жардам бере аларыбызды билдирдик. Андан кийин өзү да тийиштүү министр менен сүйлөшүп, азырынча жардамга муктаж эмес экендигин айтты жана рахматын билдирди",- деди.

Чавушоглу Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш газ тууралуу : "Мындан кийинки суутек изилдөөлөрү тууралуу кыймылдарыбыз башка болот",- деди. 

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынан кийин Азербайжанга барат. 

 



Тектеш кабарлар