Түркия Нигерияда болгон террордук кол салууну айыптады

Нигериянын түндүк чыгышындагы Борно аймагында Боко Харам террордук уюмунун мечитке жасаган бомбалуу кол салуусунда 8 киши каза болуп, 7 киши оор жараланган.

1018189
Түркия Нигерияда болгон террордук кол салууну айыптады

 

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Йобе жана Борно аймагында бир топ кишинин каза болушуна жана жараланышына жол ачкан террордук кол салууларды айыптап : «Терең кайгыруу жана кыжырдануу жараткан бул кол салууларда каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө, Нигерия өкмөтү менен Нигерия калкына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Нигериянын түндүк чыгышындагы Борно аймагында Боко Харам террордук уюмунун мечитке жасаган бомбалуу кол салуусунда 8 киши каза болуп, 7 киши оор жараланган. Йобе аймагына караштуу Трамува аймагында да аскердик күчтөр менен Боко Харам террордук уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда чыккан кагылышууда көп сандаган Нигерия аскери каза болгон.

Нигерияда 2000 – жылдардын башынан бери чыгып келе жаткан Боко Харам террордук уюмдун 2009 -  жылдан баштап жүргүзүп келе жаткан массалык күч кыймылдары 20 миңге жакын кишинин өлүмүнө себеп болду.

Террордук уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшусу Камерун, Бенин, Чад жана Нигерде да кол салууларды жасап жатат. Уюмдун Чад көлү аймагындагы кол салууларында эң аз 2 миң киши каза болгон.



Тектеш кабарлар