Түркия Иранга киргизилген санкцияларга кошулбайт

Жолугушуу өткөрүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барган Чавушоглу, АКШнын Иранга карай санкция киргизүү чечимине сереп салды.

1018720
Түркия Иранга киргизилген санкцияларга кошулбайт

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Иранга киргизген санкцияларынга кошулбай турганын жарыялады.

Жолугушуу өткөрүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барган Чавушоглу, АКШнын Иранга карай санкция киргизүү чечимине сереп салды.

Иранга киргизилген санкциялардын АКШ менен Түркиянын карым-катнаштарына таасир тийгизип тийгизбей турганы боюнча суроого жооп иретинде Чавушоглу: «АКШдан бир делегация келди. Биз бул санкцияларга кошулбай турганыбызды айттык. Биз мунай зат алуудабыз. Анын үстүнө ылайыктуу шарттарда алуудабыз. Сиз алыстан туруп сүйлөп жатасыз, бирок биз буга баш ийбейбиз»,-деди.

Чавушоглу: «Түркия катары бул санкцияларга баш ийбей турганыбызды айтып жатканда, принцип катары АКШнын бул санкцияларын да туура деп эсептебей турганыбызды айтуудабыз. Иран темасында кайсы бир өлкөнүн санкцияларына баш ийүүгө мажбур эмеспиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар