Түркия Грецияга көңүл айтты
Президент Эрдоган Грециянын премьер-министри Ципрас менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
1018651
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер-министри Алексис Ципраска көңүл айтты.
Президенттиктен маалымдалгандай, президент Эрдоган телефон аркылуу Грециянын премьер-министри Ципраска Афинага жакын жердеги токой өрттөрүнөн көз жумган адамдар үчүн катуу капа болгонун белгиледи.
Грек элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилеген президент Эрдоган, Грециянын кайгы-муңун тең бөлүшкөнүн билдирди.
Президент Эрдоган Түркия катары Грецияга жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин да айтты.