Түрк аскерлери Манбижде 19-ирет күзөт иштерин жүргүздү

Манбиж калкынын 90 пайыздан ашыгы арабдардан турат.

1018702
Түрк аскерлери Манбижде 19-ирет күзөт иштерин жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Манбиж аймагын жикчил террор уюму ЙПГ/ПККдан тазалоо иштерин улантууда.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда ТКК жана АКШнын куралдуу күчтөрүнүн элементтери тарабынан «Евфрат калканы» кыймылы аянты менен Манбиждин ортосундагы багытта 19- координациялуу/көз караныдсыз күзөт иштерин аткарды.

Алгачкы күзөт иштери 18-июнда ишке ашкан.

Түркия менен АКШ июнь айында террор уюму ЙПГ/ПККнын Евфрат дарыясынын батыш жагында басып алган Манбижден чыгып кетиши темасында келишим түзгөн.

Бул план, түрк жана АКШ тарабынан аскердик жана чалгындоо бөлүктөрү менен райондо биргелешкен күзөттү баштоосун да көздөйт.

Меморандумда айрыкча Манбижден террористтер тазалангандан кийин райондун жергиликтүү калкынан башкаруучар түзүлүшүн максаттайт.

Жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК, Халеб облусуна караштуу Манбиж районун 2016-жылдын август айында АКШнын колдоосу менен террор уюму ДЕАШтан алып басып алган.

Манбиж калкынын 90 пайыздан ашыгы арабдардан турат.



Тектеш кабарлар