Иран дары  - дармек импортун түрк лирасы менен жасайт

Хазрети : «Түрк фирмалар Иран менен риал аркылуу соода кылуу мүмкүнчүлүгүн түзө турган бир келишимге даярданып жатышат»,- деди.

1018669
Иран дары  - дармек импортун түрк лирасы менен жасайт

АКШнын банктык санкцияларынан улам дары жана медициналык материалдарды импорттоодо доллар колдонулбагандыгын билдирген ирандык депутат Иляс Хазрети саламаттык сактоо министрлигинин Кытай юаны жана түрк лирасы менен импорттоп аларын айтты. Хазрети : «Медициналык материал жана дары  - дармек импорттоочуларына валюта бөлүү үчүн көрүлгөн чаралардын бирөөсү Кытай жана Түркиянын акча бирдиктери катары юан жана лираны колдонууда»,- деди.

Иран парламент кабар агенттиги ICANAнын билдиргенине караганда дары – дармек жана медициналык жабдууларды  экспорттоочулардын кандайдыр бир маселе менен кездешпегендигин белгилеген Хазрети : «Түрк фирмалар Иран менен риал аркылуу соода кылуу мүмкүнчүлүгүн түзө турган бир келишимге даярданып жатышат»,- деди.



Тектеш кабарлар