Түркия «Еврей Улут Мамлекети» мыйзамына каршылык көрсөттү...

«Еврей Улут Мамлекети» мыйзамы дүйнөлүк укук принциптерин тебелөөдө, палестиндердин укуктарын жок кылууда»,-деп жарыяланды.

1015722
Түркия «Еврей Улут Мамлекети» мыйзамына каршылык көрсөттү...

Түркия, Израиль Парламентинде бүгүн бекитилген «Еврей Улут Мамлекети» мыйзамына каршылык көрсөттү...

Тышкы иштер министрлиги, Израилдин парламентте бекиткен «Еврей Улут Мамлекети» мыйзамы тууралуу: «Еврей Улут Мамлекети» мыйзамы дүйнөлүк укук принциптерин тебелөөдө, палестиндердин укуктарын жок кылууда»,-деген жарыясын кылды.

Мыйзамда Израилдин басып алуусундагы Кудстун борбор шаар катары жарыяланышынын эл аралык коомчулук жагынан «жокко эсе» болгондугу белгиленген билдирүүдө: «Ушул эле мыйзамда БУУнун токтомдору менен укукка жатпагандык көп жолу тастыкталган отурукташуулардын шыктандырылышы болсо эч качан кабыл алынбайт. Мыйзамда өз тагдырларын белгилөө укугунун бир гана еврейлерге багытталган укук катары аныкталышы болсо заманга жатпайт жана бөлүүчү аң-сезимдин чыгарылышы болуп саналат. Израиль өкмөтү тарабынан Палестинада улантылган басып алууга жана укукка жатпаган ишке ашырууларга шылтоо табылышын жана эки мамлекеттүү чечүүүчү жол көз карашынын жоюлушун максаттаган мыйзамга эл аралык коомчулук тарабынан керектүү каршы чыгуу көрсөтүлүшү керек»,-делди.



Тектеш кабарлар