Түркия АКШны эскертти
Түркия эми АКШнын алагды кылуусун кабыл албайт.
![Түркия АКШны эскертти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dad8/2486/30e1/5b504e5b9709b.jpg?time=1718753958)
Түркия эми Феттуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) жалган корбашчысы темасында АКШнын алагды кылуусун кабыл албай тургандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой: «Түркия менен АКШнын ортосунда 13-июлда өткөрүлгөн жыйында, ФЕТӨ темасында АКШнын эми бизди алагды кылбашы керектигин баса белгиледик»,-деди.
АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркияда камакта жаткан пастор Крейг Брансондун чыгылышына карата чакырыгы тууралуу болсо Аксой: «Ортодо юридикалык процесс бар, Түркия укуктук мамлекет болуп саналат»,-деди.
Катчы Аксой Сириянын Манбиж аймагындагы террордук уюм ПКК/ПЙДге байланыштуу болсо: «Манбижде күзөт аймагынан ПЙДнин чыккандыгы тастыкталды. Манбиж жол картасынын пландоо жана ишке ашыруу баскычы уланып жатат. Манбиж жол картасынын максаты ПЙД/ЙПГни жок кылуу»,-деди.
Хами Аксой Сириянын түштүгүндө чыңалуулар азайтылган аймакты бутага алган кол салуулар тууралуу буларды айтты: «Сирияда Асад режиминин кол салууларын катуу айыптайбыз жана наалат айтабыз. Чыгыш Гутада, түндүк Хомста жана эми болсо Сириянын түштүк-батышында болгон сценарийди Идлибде кайталашына эч качан уруксат бербейбиз».