ПККнын тылдык жооптуусу террористтер менен бирге жок кылынды
Жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн логистикалык жооптуусу деп аталган Хасан Чакмак экендиги аныкталды.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 13 - июль күнү Ирактын түндүгүнө жүргүзүлгөн аба операциясында жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн ПКК жикчил террордук уюмдун логистикалык жооптуусу деп аталган Хасан Чакмак экендиги аныкталды.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта : «Жинди Каракочан» деп аталган Хасан Чакмак да араларында болгон 3 террористтин курал, ок - дары жана банги зат сатып жаткан учурда аба операциясы менен жок кылынгандыгы белгиленди.
Операция тууралуу түрк куралдуу күчтөрүнүн твиттер эсебинен берилген көрүнүштөрдө да банги зат сатып жаткан учурда бир унаанын так атылгандагы учурлар орун алган.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.