Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистанда шайлоо митингинде болгон террордук кол салууну наалаттады жана Пакистан калкына көңүл айтты.

1012209
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистанда шайлоо митингинде болгон террордук кол салууну наалаттады жана Пакистан калкына көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн Белужистан аймагынын Мастунг районунда жүргүзүлгөн шайлоо митингинде болгон кол салууда көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жаралангандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Бул террордук кол салууну наалаттайбыз. Каза болгондордун жакындарына, Пакистан калкына жана өкмөтүнө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар