Түркия Пакистандагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1010161
Түркия Пакистандагы кол салууну айыптады

Түркия Пакистандын Пешавар шаарында кечээ шайлоо митингинде болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Пешавар шаарындагы шайлоо митингинде болгон террордук кол салуунун айынан көп сандаган кишинин каза болушу жана жаракат алышы катуу капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Аты аталган террордук кол салууну катуу айыптайбыз, кол салууда каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, дос жана боордош Пакистан эли менен өкмөтүнө көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар