Түрк куралдуу күчтөрү Манбижде күзөт иштерин улантууда

Башкы штаб төрагалыгынын Твиттер барагындагы жарыяда, күзөт иштери кечээ ишке ашырыла баштаганы белгиленди.

1003359
Түрк куралдуу күчтөрү Манбижде күзөт иштерин улантууда

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана АКШнын Куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда «Евфрат калканы» кыймылы болгон аянт менен Манбиждин ортосундагы жетинчи координациялуу/ көз карандысыз күзөт иштери ишке ашырылды.

Башкы штаб төрагалыгынын Твиттер барагындагы жарыяда, күзөт иштери кечээ ишке ашырыла баштаганы белгиленди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана амеркиалык кесиптеши Майк Помпео, 4-июндагы жолугушуусунда, райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын камтыган жол картасын бекиткен болчу.

План,Түркия жана АКШ тарабынын аскердик жана чалгындоо элементтери менен райондо биргелешкен текшерүүсүн баштоосун көздөйт.

Макулдашуу айрыкча Манбижде жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтердин чыгып кетишинен кийин райондун жергиликтүү элементтеринен башкаруучулар түзүлүшүн максаттайт.

ПКК/ПЙД-ЙПГ, Халеб районуна караштуу Манбиж районун 2016-жылдын август айында АКШнын колдоосу менен террор уюму ДЕАШты кубалап чыгып ээлеп алган.

Манбиж калкынын 90 пайызы арабдардан турат.



Тектеш кабарлар