Түрк куралдуу күчтөрү Манбижде күзөт иштеринин бешинчисин бүтүрдү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана амеркиалык кесиптеши Майк Помпео, 4-июндагы жолугушуусунда, райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын камтыган жол картасын бекиткен болчу.

1000352
Түрк куралдуу күчтөрү Манбижде күзөт иштеринин бешинчисин бүтүрдү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Манбиж аймагында бешинчи күзөт иштерин аяктады.

Башкы штаб төрагалыгынын Твиттер барагынан берилген жарыясында, ТКК жана АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү тарабынан Сирияда «Евфрат калканы» кыймылынын аянты менен Манбиждин ортосунда калган багытта бешинчи координациялуу/көз карандысыз күзөт иштери ишке ашырылганы билдирилди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана амеркиалык кесиптеши Майк Помпео, 4-июндагы жолугушуусунда, райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын камтыган жол картасын бекиткен болчу.

План,Түркия жана АКШ тарабынын аскердик жана чалгындоо элементтери менен райондо биргелешкен текшерүүсүн баштоосун көздөйт.

Макулдашуу айрыкча Манбижде жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтердин чыгып кетишинен кийин райондун жергиликтүү элементтеринен башкаруучулар түзүлүшүн максаттайт.

ПКК/ПЙД-ЙПГ, Халеб районуна караштуу Манбиж районун 2016-жылдын август айында АКШнын колдоосу менен террор уюму ДЕАШты кубалап чыгып ээлеп алган.

Манбиж калкынын 90 пайызы арабдардан турат.



Тектеш кабарлар