Түндүк Корея каза болгон 500гө жакын түрк аскеринин сөөгүн кайтарып берет

Түркия Корея согушунда каза болгон аскерлердин сөөгүнүн тапшырылышы үчүн демилегени 2001 – жылы баштаган.

998518
Түндүк Корея каза болгон 500гө жакын түрк аскеринин сөөгүн кайтарып берет

Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда болгон саммиттен кийин Түндүк Кореяда каза болгон жана күбөлүгү белгиленген аскерлердин сөөгү өлкөлөрүнө тапшырылат жана согуш туткундары менен жоголгон кишилер табылат.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ындын 12 -  июнда Сингапурда өткөргөн тарыхый саммит сөөгү Түндүк Кореяда калгандардын жакындарына үмүт берди.

Трамп менен Ким түзгөн келишим боюнча күбөлүгү белгиленген аскерлер өлкөлөрүнө тапшырылат жана согуш туткундары менен жоголгон кишилер табылат.

Тарыхый келишимден кийин Түркия 1950 – 1953 -  жылдарда Корея согушунда каза болгон жана сөөгү Түндүк Кореяда калган аскерлердин сөөгүнүн тапшырылышы үчүн расмий  сүйлөшүүлөрдү баштады.

Сеул элчиси Эрсин Эрчин мурунку жумада Түндүк Кореяга барып 1 жума каза болгон аскерлердин тапшырылышы тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эрчин каза болгон аскерлердин күбөлүктөрүн тактоо үчүн алгачкы демилегенин 2001 – жылы башталгандыгын эске салды.

Элчин : «Сүйлөшүүлөрдүн ал учурда башталышынын себеби эки жолу ал күнү дипломатиялык байланыштын курулушу эле. Түндүк Кореянын атомдук куралга ээ болуу жана сыноо иштерин баштоосу менен байланыштар жарым калды. Тынчтык келишмине кол коюлгандан кийин Түндүк Корея менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштаттык. Түндүк Корея жерлериндеги шейиттерибиздин күбөлүктөрүн тактоо үчүн жакындарынан ДНК үлгүлөрү алынат. Чогулта турган ДНК үлгүлөрү түндүк кореялык жетекчилерге тапшырылат. Бул тууралуу дипломатиялык демилгени баштаттык. Түндүк Корея жетекчилери ДНК үлгүлөрүнүн тапшырылышы тууралуу кызматташтыкка ачык. Ал жерде Британия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн аскерлери да болгондугу үчүн шейиттердин күбөлүктөрүн аныктоо узун убакытка созулат»,- деди.

Эрчин шейиттердин күбөлүктөрү аныкталгандан кийин кабырларынын Түштүк Корея чектеринин ичиндеги БУУнун шейиттигине же Түркияга алып барылабы буга кийинчерээк чечим чыгарыларын айтты.



Тектеш кабарлар