Президент Эрдоган ТРТ менен биргелешкен эфирде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди

Президент Эрдоган Манбиж жол картасы менен террордук уюм ПЙД, ЙПГнин аймакты толугу менен бошоторун билдирди.

997982
Президент Эрдоган ТРТ менен биргелешкен эфирде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди

Президент Р. Т. Эрдоган бийликке келишкенден бери Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы муктаждыктын 20 пайызын камсыз кыла алгандыгын, бүгүн болсо бул катнашты 65 пайызга жогорулаткандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган ТРТ менен биргелешкен эфирде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Эрдоган экономикада өзгөчө да өсүүдөгү 7, 4 пайыздык катнаштын абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, чоң жыйырмалардын арасында Индиядан кийин 2 -  Европа Экономикалык Кызматташтык Уюму OECD өлкөлөрүнүн арасында Түркиянын 1 -  экендигин айтты.

Түркиянын жумушсуздукта эң төмөнкү катнашта экендигин белгилеген Эрдоган жаштардын жумушсуздугунда да олуттуу түрдө төмөндөө болгондугун билдирди.

Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясында 4 миң 600дөн ашуун ПКК/ПЙД/ЙПГ террористтин жок кылынгандыгын айтты.

Эрдоган 12 байкоочу мунарасы менен Африндин  текшерүү астында экендигин айтты.

Президент Эрдоган Манбиж жол картасы менен террордук уюм ПЙД, ЙПГнин аймакты толугу менен бошоторун билдирди.



Тектеш кабарлар