ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

Ирактын түндүгү менен катар Түркиянын түштүк-чыгышына карай жүргүзүлгөн операциялар.

993725
ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

 

Ирактын түндүгүндөгү Кандил тоолоруна карай абадан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террор уюму ПККга мүчө 35 террорист жок кылынды.

Түркиянын Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында Кандилге карай жүргүзүлгөн операция туурасында маалымат берилди.

Буга караганда 15-июнда абадан жүргүзүлгөн операцияда ПККга мүчө 35 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Ирактын түндүгүндөгү Зап, Авашин-Басян менен Хаккаринин Чукуржа аймактарына карай абадан жүргүзүлгөн операцияларда болсо ПККга мүчө куралчан 9 террорист жок кылынды.

Кечээ болгон операцияда жикчил террор уюму тарабынан баш калкалоочу жай, курал сактоочу кампа жана ок дары сактоочу кампа катары колдонулган буталар белгиленип, атылды.



Тектеш кабарлар