Сириянын Манбиж аймагынын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГдан тазаланышы үчүн үч баскычтуу план

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен кечээ Вашингтондо Манбиж темасында өткөрүлгөн жолугушуулар туурасында бүгүн кайткан Антальяда маалыматтарды берди.

986295
Сириянын Манбиж аймагынын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГдан тазаланышы үчүн үч баскычтуу план

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Манбиж аймагынын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГдан тазаланышы үчүн үч баскычтуу пландын ишке аша турганын айтты.

Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен кечээ Вашингтондо Манбиж темасында өткөрүлгөн жолугушуулар туурасында бүгүн кайткан Антальяда маалыматтарды берди.

Чавушоглу, АКШ менен жетишилген макулдашууга караганда Манбиж үчүн жол картасынын үч баскычтан турганын айтты.

Жол картасынын биринчи баскычында тараптар алдын ала даярдык жыйналыштарын өткөрө турганын айткан Чавушоглу, экинчи баскычта жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын аймактан чыга турганын, Манбиж жол картасынын үчүнчү баскычында болсо аймакты кимдин башкара турганынын белгилене турганын айтты.

Чавушоглу, алдын ала даярдык жыйналыштарынын 10 күндүн ичинде баштала турганын, бир канча айдын ичинде 3 баскычтын бүтүрүлө турганын белгилеп: «6 айга созулбайт»,-деди.

Чавушоглу: «(АКШ органдарынын) ПКК/ПЙД-ЙПГны террордук уюм деп кабыл ала тургандарын байкадым. ПКК/ПЙД-ЙПГ Манбижден чыгып жатканда АКШ берген куралдарын кайтарып алат»,-деп айтты.

АКШ менен бузулган карым-катнаштардын оңдолушу мүмкүн экенин сөз кылган Чавушоглу: «Таштай турган кадамыбыз Сириянын келечеги үчүн маанилүү жана ошондой эле АКШ менен бузулган карым-катнаштарыбыздын кайра калыбына келтирилиши үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Ошондуктан бул жол картасынын толук түрдө ишке ашырылышы керек. Эки тарапта тең бул чечкиндүүлүк бар»,-деди.

Чавушоглу ПКК/ПЙД-ЙПГнын Манбижден чыгарылышы процессинде үчүнчү бир өлкөнүн роль албай турганына басым жасады.

Манбижде ишке ашырыла турган жол картасынын мындан мурда ПКК/ПЙД-ЙПГнын басып алган Сириянын калган шаарлары үчүн да ишке ашырыла баштаганын белгилеген Чавушоглу: «Мына ошондо АКШнын мамилеси белгилүү болот. ПКК/ПЙД-ЙПГны чыгарып кетеби? Булардын ичинде көп сандаган араб да бар»,-деди.

АКШнын жана ПКК/ПЙД-ЙПГнын ысым өзгөртүү тактикасына да токтолгон Чавушоглу, ысымы кандай болсо болсун булардын бардыгынын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ экенин айтты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар