Палестинанын Газа тилкесинде түрк ооруканасы ачылды

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Ахмет Демиржан менен Палестинанын саламаттык сактоо министри Жавад Абад, Палестина-Түркия достук ооруканасынын ачылышы жана иштетилишине карай келишимге кол койду.

983168
Палестинанын Газа тилкесинде түрк ооруканасы ачылды

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Ахмет Демиржан менен Палестинанын саламаттык сактоо министри Жавад Абад, Газа тилкесиндеги 180 орундуу Палестина-Түркия достук ооруканасынын ачылышы жана иштетилишине карай келишимге кол койду.

Ахмет Демиржан палестиналык кесиптеши Жавад Абад жана аны коштогон делегация менен Газа тилкесинде Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармылыгы (ТИКА) тарабынан Түркиянын колдоосу менен курулган Түркия достук ооруканасынын ачылышы жана иштетилишине карай келишимге кол коюу аземи үчүн кызмат орундугунда жолукту.

Үч дин ыйык деп эсептеген Кудстун, Израилдин мамлекеттик террорунун астында туткун түрүндө жашаганын баса белгилеген Демиржан: «Палестиналык туугандарыбыздын намыстуу күрөшүүлөрү, Кудс жана Акса мечити менен катар адамзаттыктын абийирин куткарыш үчүн болууда»,-деди.

Министр Демиржан, палестиналыктардын абдан татаал шарттардын астында эч тайманбастан жанын аябай согушуп жаткандарын белгилеп, тарых эзилгендердин күрөшүүсүн мактоо менен жазаарын айтты.

Түркиянын акылуу жана эзилген калктарды жактаган турумун улантканын айткан Демиржан, Палестинанын эркиндик күрөшүүсүнүн мамлекеттик террорго каршы дүйнөлүк тынчтыктын символу болгонун баса белгиледи.

Палестианын саламаттык сактоо министри Жавад Абад болсо өз сөзүндө, Палестина калкынын татаал мезгилден өткөнүн белгилеп, «Элибиз күрөшүүсүн улантат. Максатыбыз болгон эркиндик жана көз карандысыздык ишке аша турган күнгө дейре кандай чечимдер чыгарылса чыгарылсын, борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекети курулганга дейре күрөшүүбүздү уланабыз. Эч бир чечим бизди кызыктырбайт. Түркия Республикасы, материалдык, руханий, саясий жана экономикалык жактан ар дайым бизди колдоду. Түркиянын жардамы менен дем алуудабыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар