10 - майда түрк кемесине жасалган кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон эмес

Түркия Йемен жакындарында 10 -  майда түрк кемеси учураган ракеталуу кол салууда каза болгон жана жаралангандардын болбогондугун билдирди.

979379

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой «Инже Инеболу» аттуу жүк ташуучу кемеге карата ракеталык кол салуу тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Катчы Аксой Орусиянын Новороссийск портунан жүктөлгөн буудайды Йемендин Салееф портуна алып барган «Инже Инеболу»  аттуу түрк кемесинин 10 -  май күнү саат 23: 15те Йемен жакындарында ракеталык кол салууга учурагандыгын белгилеп буларды айтты : «Баары түрк жараны  23 экипаж болгон кемеге карата кол салууда каза болуу же  жаралануу болгон жок. Адистерибиз бул окуя тууралуу изилдөөлөрүн улантышууда. Изилдөөнүн жыйынтыктары коомчулук менен бөлүшүлөт».

Тектеш кабарлар