Израиль мамлекеттик террорду жүргүзүүдө

Расмий сапар менен Англияга барган Эрдоган, бул жерде түрк окуучуларга кайрылды.

970861
Израиль мамлекеттик террорду жүргүзүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин палестиндерге кылган зулумдугун, «Бул кыргын салууга жана буга үн катпай калгандарга наалат айтамын»,-деди.

Расмий сапар менен Англияга барган Эрдоган, бул жерде түрк окуучуларга кайрылды.

АКШнын Израилдеги элчилигинин Кудуска көчүрүлгөн учурунда ондогон палестиндердин Израилдин аскерлери тарабынан шейит кылынышына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Израиль мамлекеттик террорду жүргүзүүдө. Израиль террор мамлекети болуп саналат»,-деп айтып Түркиянын палестиналык туугандарын колдоосун чечкиндүүлүк менен уланта турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган: Израилдин кылганы геноцид болуп саналат. Бул адамзат  трагедиясын, геноцидди, кайсы тараптан болсо болсун, маа десе АКШ, маа десе Израиль болсун наалат айтамын»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар