Түркия Ливиядагы кол салууну айыптады
Кечээ Ливиянын борбор шаары Триполидеги Жогорку Шайлоо Комиссиясынын имаратына ДЕАШ террордук уюм жасаган куралдуу кол салууда 15 киши каза болуп, 19 киши жараланган.
![Түркия Ливиядагы кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5f89/d333/3bc7/5a4f3135d1842.jpg?time=1718743447)
Түркия Ливиянын борбор шаары Триполиде жасалган жана Жогорку Улуттук Шайлоо Комиссиясын бутага алган террордук кол салууну катуу айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Ливиянын борбор шаары Триполиде жасалган жана Жогорку Улуттук Шайлоо Комиссиясын бутага алган террордук кол салууну катуу айыптап, бул кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.
«Ливиянын тынчтык жана ырааттуулугун бутага алган бул кол салууга каршы Түркиянын дос жана бир тууган Ливия калкына колдоо жана тилектештиктигибизди кайталайбыз»,- деп билдирилди маалыматта.
Кечээ Ливиянын борбор шаары Триполидеги Жогорку Шайлоо Комиссиясынын имаратына ДЕАШ террордук уюм жасаган куралдуу кол салууда 15 киши каза болуп, 19 киши жараланган.