Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Эфес-2018» машыгуусу башталды

Машыгуу тууралуу алгачкы видеолор Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан бөлүшүлдү.

962495
Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Эфес-2018» машыгуусу башталды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн кеңири масштабдуу машыгууларынан «Эфес-2018» башталды.

«Эфес-2018» машыгуусу, дос жана шериктеш өлкөнүн элементтеринин катышуусунда 7-11-май күндөрүнүн аралыгында ишке ашат. Машыгуу тууралуу алгачкы видеолор Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан бөлүшүлдү.

Машыгууга Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү менен катар АКШ, Азербайжан, Англия, Катар жана Сауд Арабия да орун алган 19 өлкөдөн аскердик бөлүктөр жана элементтер катышат.

Измир булуңу жана Доганбейде жүргүзүлө турган машыгууда бөлүктөрдүн согушка даярдык деңгээли сыналат.

Машыгуунун чыныгы ок атылуучу бөлүмү 9-10-май күндөрүндө ишке ашат. Машыгуунун алкагында Коргоо өнөр жайынын көргөзмөсү да ачылат.

Көргөзмөдө куралдуу учкучсуз учуучу учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар, Алтай танкасы, АТАК тик учары сыяктуу Түркиянын коргоо өнөр жайынын акыркы мезгилдеги белгилүү долбоорлору таанытылат.



Тектеш кабарлар