Түрк доктурларынын жаңы ыкмаларын батыштыктар үйрөнгүүгө ынтызар

Жыл сайын мээсине кан тамган, мээсинде кан уюшуп калган же тамыры тыгылган миңдеген бейтаптын ушул ыкма менен өмүрү сакталып калууда.

961577
Түрк доктурларынын жаңы ыкмаларын батыштыктар үйрөнгүүгө ынтызар

Дүйнө жүзү түрк доктурларынан жаңы ыкмаларды үйрөнүүдө.

Жыл сайын мээсине кан тамган, мээсинде кан уюшуп калган же тамыры тыгылган миңдеген бейтаптын ушул ыкма менен өмүрү сакталып калууда.

Аневризма, эл арасында мээ тамырында шарчанын пайда болушу деп билинет. Мунун жарылып кетиши болсо мээге кан тамышына алып барат. Мындай абалдагы бейтаптардын аман калышы ошондогу тез жардамга байланыштуу болот.

Жеррахпаша медициналык факультетинин нейрорадиология боюнча адистери 7 күн 24 саат ушундай бейтаптарга кызмат кылып келишет.

Ал эмес бул дарылоо ыкмасында кан да акпайт, союлбайт дагы. Күрөө тамырынан анжио жасап жаткан сыяктуу кирилип, мээ тамырындагы бузук жер оңдолот.

Анын үстүнө бул процесс бир канча мүнөттүн ичинде ишке ашат.

Жыл сайын орто эсеп менен 2 миң адамдын ушул ыкма менен өмүрү сакталууда.

Иштин адиси түрк доктурлар бир эле убакта билгендерин дүйнөлүк доктурларга үйрөтүүдө.

Бейтаптардын реанимацияга кирүүсүнө жол бербеген бул ыкманын Түркияда да жайылышын пландоодо.

 

 



Тектеш кабарлар