Түркия - Орусия - Ирандын тышкы иштер министрлери Москвада жолугушту

Сергей Лавровдун жетекчилигинде өткөрүлө турган жыйында оболу эки тараптуу андан кийин да үчтүк сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

960297
Түркия  - Орусия - Ирандын тышкы иштер министрлери Москвада жолугушту

Түркия, Орусия, Ирандын тышкы иштер министрлери бүгүн Москвада жолугушту. Чавушоглу Сирия кризиси жана алдыга карай ташталышы керек болгон кадамдар каралган Түркия  - Орусия – Иран үчтүк тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда Зариф менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Чавушоглу сүйлөшүүдө Түркия менен Ирандын ортосундагы экономика жана туризм кызматташтыгы менен Сириядагы аймактык абалдарды сүйлөштү. Сүйлөшүүдөн кийин орус кесиптеши Лавров менен эки тараптуу жыйынга өткөн Чавушоглу бул жердеги сөзүндө үчтүк жыйындын Сирияда чечүүчү жол үчүн жаңы кадамдардын ташталышы үчүн маанилүү экендигин айтты.

Түркия жана Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштардын күн өткөн сайын дагы жакшыга бара жаткандыгын баса белгилеген Чавушоглу аймактык темаларда да бирдикте ийгиликтүү иштерди аткаргандыгын белгиледи.

Чавушоглу : «Астана процессинин кепил өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин ортосундагы иреттүү сүйлөшүүлөрдүн саясында Сирияда маселени чечүү тууралуу олуттуу алдыга жылуу болду. Бүгүнкү жолугушуубуз да Сирияда маселени чечүү үчүн келечекте таштала турган кадамдар үчүн мааниге ээ болууда»,- деди.

Лавров да Чавушоглу менен араларында саясий диалогдун бар экендигин жана эки өлкөнүн лидерлеринин дайыма байланышта экендигин белгилеп, соода, экономика, транспорттон жооптуу министрлердин ортосундагы карым – катнаштардын өнүккөндүгүн баса белгиледи. Лавров эки өлкөнүн кызматташтыгындагы динамиканын Орусиянын президенти Путин жана президент Р. Т. Эрдогандын түрк  -  орус кызматташтыгына канчалык чоң маани бергендигин көрсөткөндүгүн баса белгиледи. Чавушоглу эки тараптуу жолугушуулардан кийин үчтүк министрлер жыйынына катышты.

 

 



Тектеш кабарлар