Акар менен Данфорддун сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык темаларында пикир алышууларда болушту.

960202
Акар менен Данфорддун сүйлөшүүсү

Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Жосеф Данфорд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө аймактык коопсуздук маселелер жана ушунун негизинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык темаларында пикир алышууларда болушту.

АКШнын башкы штаб төрагалыгынын катчысы полковник Патрик Райдер да берген жазуу түрүндөгү маалыматында Данфорд менен Акардын эки тараптуу карым  - катнаштар, Сирия жана Жакынкы Чыгыштагы абалдарды сүйлөшкөндөрүн белгиледи. Райдер маалыматында буларга орун берди : «Эки лидер Сирия жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы коопсуздук абалды карап чыгышты. Өзгөчө элдерибизге карата коопсуздук санаалары тууралуу кызматташтыкты күчтөндүрүү жолдорун сүйлөшүштү».

Данфорддун кесиптеши армиянын генералы Акар менен көптөгөн жолу сүйлөшкөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Райдер  НАТОго союздаш эки өлкөнүн жогорку мартабалуу командирлеринин иреттүү түрдө байланышын улантышкандарын баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар