Зейбекчи татар делегациясы менен жолукту

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду.

959763
Зейбекчи татар делегациясы менен жолукту

Экономика министри Нихат Зейбекчи, Татарстанда түркиялык ишкерлердин санынын көбөйүшүн каалагандарын белгилеп: «Татарстанда түрктөргө таандык уюмдашкан өнөр жай аймагын куруу пикирин аягына чейин колдойбуз»,-деди.

Зейбекчи Министрликте, Орусия Федерациясына караштуу Татарстандын президенти Рүстем Минниханов жана аны коштогон делегация менен кечээ жолукту.

Түркиянын Орусиядагы инвестицияларынын үчтөн биринин Татарстанда экенин баса белгилеген Зейбекчи, Минниханов менен Стамбулда ишкердик форум өткөрө тургандарын түшүндүрдү.

Зейбекчи эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну күчтөндүрүүнү, соода көлөмүн жана инвестицияларды арттырууну максаттагандарын баса белгилеп, ушул алкактагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүрүү жана колдоо көрсөтүү башкармалыгы менен Татарстандын Чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү фондунун ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюла турганын билдирди.

Татарстандын президенти Рүстем Минниханов да, министр Зейбекчинин колдоосу жана жардамдары менен маанилүү долборлорду ишке ашыргандарын айтты.

Минниханов, экономикалык байланыштар менен катар инфраструктура, чакан жана орто ишканалар темасында да кызматташууну өнүктүрүүгө аракет кылгандарын билдирди.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин түрк жана татар фонддорунун ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду.



Тектеш кабарлар