Германиялык дипломат Түрк тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Немис дипломатка эскертүүлөр айтылды.

959999
Германиялык дипломат Түрк тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Германиянын Анкарадагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Роберт Дёльгер, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнин мурунку теңтөрагасы Салих Мүслүмдүн Германияда террордук уюмдун иш-чарасында сөз сүйлөй тургандыгы жөнүндөгү маалымат боюнча Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, убактылуу ишенимдүү өкүл Дёльгерге, 19-майда Германиянын Людвигсхафен шаарында террордук уюмдун иш-чара уюштура турганына жана Мүслүмдүн да бул жерде сөз сүйлөй турганына нааразылык билдирилди.

Террордук уюмдун иш-аракеттери жана Мүслүмдүн иш-чарага катышпоосу темасында немис дипломатка эскертүү айтылды.

Түркия Германия жана берки Европа өлкөлөрүнөн Мүслүмдүн тапшырылып берилишин талап кылган болчу.



Тектеш кабарлар